Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Молдова Ыйык Георгийдин тасмасын, Z жана V тамгаларын согуш контекстинде колдонууга тыюу салды


Орусиянын талкаланган танкы. Донецк облусу. 13-апрель 2022-жыл
Орусиянын талкаланган танкы. Донецк облусу. 13-апрель 2022-жыл

Молдова парламенти өлкөдө Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын, орус аскерлери Украинадагы согушта пайдаланган Z жана V тамгаларын колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Документте “аскердик агрессиянын контекстинде пайдаланып келген атрибуттар менен символдорду” жасоо, сатуу жана коомдук жерлерде колдонуу, “андай аракеттерди пропагандалоо жана даңазалоо” үчүн айып пул салуу же коомдук иштерге тартуу каралган. Ошол атрибуттарга асыресе кара-саргылт тасма,"Z" жана "V" эмблемалары, төш белгилер, ураандар кирет.

Мыйзам долбоорун башкаруудагы "Аракет жана тилектештик" партиясы жактырды. Ал эми оппозициядагы коммунисттер нааразылык иретинде залдан чыгып кетишкен.

Молдова буга чейин Украинанын суверенитетине колдоосун билдирип, Орусиянын аракеттерин айыптаган. Ошол эле маалда расмий Кишинев Москвага каршы санкция киргизген жок.

Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын Орусия Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин символу катары 2000-жылдардын ортосунан бери пайдаланып келатат. Бара-бара Кремлге жан тартуунун белгиси болуп калды. Тасма 2014-жылдан баштап Донбасстагы жикчилер тарабынан активдүү колдонулган. Ал эми Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникага тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Буга чейин Z жана V тамгаларын согуш контекстинде пайдаланууга Украинанын парламенти жана Германиядагы бир нече регион тыюу салган.

XS
SM
MD
LG