Орусиянын Новосибирск шаарында айлананы каптаган ыш тууралуу видео тартууга аракет кылган беш жергиликтүү тургун кармалды. Дагы бир активист милиционердин соккусунан кийин ооруканага түшкөнүн күбөлөргө таянып Сибир.Реалии жазды. Полиция кызматкерлери видеокамеранын флешкасын да чыгарып алганы айтылууда.
Активисттер ролик тартканы Биринчи Май аянтына чогулган болчу. Бул окуя тууралуу азырынча расмий кабар бериле элек.
Калаадагы чаң жана ыш көйгөйүнөн улам тургундар мэр Анатолий Локотту жана башка башчыларды сындап келишет. (SE)