Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Министрлик: Ошто лицензиясы жок тиш дарылоочу жайлар аныкталды


Сүрөт окуяга тиешеси жок
Сүрөт окуяга тиешеси жок

Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусунда жана шаарында 25 тиш дарылоочу жай лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталганын айтты.

18-апрелде берилген маалыматка ылайык, аларга 135 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан сырткары медициналык лицензиясы жок иш жүргүзгөн адамдарга чара көрүү үчүн топтолгон маалыматтар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Тиш дарылоочу жайларды текшерүү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.

Ага чейин Бишкек шаарындагы бир катар ооруканалар текшерилип, айрымдарынын жетекчилери жумуштан алынган болчу. (AAb\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG