Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Украинада өзбекстандык 11 мигранттын дайыны чыкпай жатат


Бучада дайынсыз жоголгон мигранттардын бири Фирдавс Межидов.
Бучада дайынсыз жоголгон мигранттардын бири Фирдавс Межидов.

Украинанын баш калаасы Киевде жана анын айланасындагы шаар-кыштактарда иштеп келген өзбекстандык 11 мигрант дайынсыз болуп жатат. Алар менен дээрлик 1,5 айдан бери байланыш жок экенин Украинадагы "Айдар" батальонунун мурдагы мүчөсү, жизактык Шавкат Мухаммад "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Анын айтымында, мигранттар акыркы жолу жакындары менен Киев облусунун Буча районундагы Бузовая айылынан байланышка чыккан.

"Киевдеги кармаштар башталардын алдында 11 өзбекстандык мигрант дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу каттар келди. Мен аларды издеп, Өзбекстандагы жакындарын таптым. Жети мигрант Сурхандарыя облусундагы бир мааленин тургундары экен. Алар туткундан качып чыгып, Киевдин четиндеги айылда 3-мартка чейин баш калкалашкан. Акыркы жолу туугандары менен ошол айылдан байланышка чыгышкан. Андан бери алардан эч кандай билдирүү болгон эмес. Ал аймактарда айыгышкан салгылашуулар болуп, көп адам өлгөн. Алар орустардын туткунуна түшүп калган жокпу деп тынчсызданып жатам. Алар жөнөкөй мигранттар эле", — деди Мухаммад.

Өзбекстандын Украинадагы элчилигинин өкүлү өзбек мигранттары дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат бар экенин, элчилик алардын жакындары менен байланышта болуп жатканын билдирди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, согуш башталганга чейин Украинада 4300 өзбек жараны жашап, иштеп келген. Алардын көбү Украинанын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, ишкерлер жана эмгек мигранттары.

Буга чейин өзбек өкмөтү Украинадан 26 каттам менен 6 миңден ашык өзбекстандык эвакуацияланганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG