Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Камактагы украин олигархы Медведчук Зеленский менен Путинге кайрылды


Виктор Медведчук
Виктор Медведчук

Украинада камакта жаткан орусиячыл олигарх, оппозициячыл депутат Виктор Медведчук украин лидери Владимир Зеленскийге жана орус президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдоду. Анда Медведчук өзүн курчоодогу Мариупол шаарынан чыга албай калган жайкын тургундарга жана аскерлерге алмаштырууга үндөгөн. Украинанын коопсуздук кызматы жарыялаган бул видеодо Медведчук канчалык эркин сүйлөп жатканы белгисиз.

Мындан тышкары дүйшөмбү күнү Орусиянын мамлекеттик "Россия 24" телеканалы Украинада согушуп жүргөн кезинде орус күчтөрүнүн колуна түшкөн британ жарандары Шон Пиннер менен Эйден Эслиндин британ премьер-министри Борис Жонсонго кайрылуусунун көрсөттү. Өз-өзүнчө жаздырылган видеолордо эки британ жараны өздөрүн Виктор Медведчук менен айырбаштоого чакырган. 48 жаштагы Пиннер менен 28 жаштагы Эслин канчалык өз эрки менен мындай бул видеого тартылганы белгисиз.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамилеси бар экени айтылган 67 жаштагы Медведчук өткөн атпада Украинада атайын операцияда кармалган. Чыккынчылыкка айыпталган Медведчук үй камагынан 24-февралда, Орусия Украинага кол салган күнү качып кеткени белгилүү болгон.

Британ жарандары Пиннер менен Аслин орус күчтөрү көп бөлүгүнө көзөмөлүн орноткон Мариуполь шаарында украин күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн. Буга чейин Пиннердин үй-бүлөсү орус бийлигин колго түшкөн эки британ жаранына согуш туткундары катары мамиле кылууга чакырган.

Буга чейин Украинадагы айрым расмий жетекчилер Киев Медведчукту Орусиянын колуна түшкөн украиналык туткундарына алмашышы мүмкүндүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG