Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Ботаникалык бактын жетекчилиги аны мэрияга өткөрүүгө каршы экенин билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ботаникалык бактын" иши менен таанышты. 2022-жылдын 19-апрели.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ботаникалык бактын" иши менен таанышты. 2022-жылдын 19-апрели.

Бишкектеги Ботаникалык бактын жетекчилиги аны мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелде “Азаттык” радиосуна Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтунун директору Гүлайым Дөңбаева билдирди.

Ботаникалык бак жөн гана бакча эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин белгилеген жетекчи аны шаарга өткөрүү демилгеси кайдан чыкканын билбей турганын, соңку жарым жылда өкмөттөн бул боюнча сунуш берүү тууралуу эки жолу кат келгенин, себеби катары каржылоонун тартыштыгы айтылып жатканын, бирок бир да талкууга өзүлөрү чакырылбаганын айтты:

“Шаарга өткөрүү туура эмес. Себеби шаарда жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү иштери талапка жооп бербей жатканын көрүүдөбүз. Биздин институт ал жакка өткөрүлө турган болсо, анда көздөлгөн максаттар таптакыр бөлөк. Бул парк эмес, бул илимий-изилдөө институту. Негизги аткарып жаткан ишибиз – эл аралык кызматташтыктын негизинде Кыргызстанга жаңы көчөттөрдү алып келип, аларга изилдөө жана байкоо жүргүзүп, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө, фермерлерге түшүмдүүлүктү жогорулатууга жакшы көчөттөрдү сунуштап берүү. Мэрия андай ишти аткарбайт да. Дагы бир аттракционго же паркка айланышы мүмкүн”.

Дөңбаева Ботаникалык бактын азыркыдай кейиштүү абалына 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин кошумчалады.

19-апрелде ал жакка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы Байсалов Ботаникалык бак адамдар жаратылыш менен суктана турган жерге айланарын, менеджерлик идеялар керек экенин, аны Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү каралып жатканын айтканын маалымдады.

«Бул суроо талаш жаратып келет. Кандай болгон күндө да иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугусуз Ботаникалык бактын толук илимий мекеме катары статусу сакталып калат. Бак камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керек. Алардын милдети башка» - деп белгиледи Эдил Байсалов.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG