Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

УКМК 9-майда “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарды “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырды. Шаар тургундарын 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө мындай аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөдү.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы 21-апрелде тараткан билдирүүдө улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы эскертилген.

Маалымат социалдык тармактарда 9-майга карата “Z” белгиси бар аскердик кийимдердин жарнамалары таратылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу экени кошумчаланган.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Винтаж кийим дүкөнү “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди жана костюмдардын жарнамалап жатканы социалдык тармакта талкууланып, нааразычылык жаратып жаткан.

Жарандык активист Умай Арыкова буга байланыштуу атайын кызматка кайрылган.

Мурдараак Бишкек шаарында автоунааларына "Z" белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салынып, белгилер сыйрылган. Бишкек милициясынын кайгуул кызматы автоунаага уруксаты, атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

"Z" жана "V" тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG