Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Жамгырдан улам Таласта короолорду суу каптады


Сууну сордуруу учуру. Талас, 22-апрель.
Сууну сордуруу учуру. Талас, 22-апрель.

Талас шаарында 22-апрелде кечке жуук мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Он турак жайдын короо-сарайларына, үч турак жайдын жертөлөсүнө, үч көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине суу кирген. Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектептин айланасын суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин ыкчам тобу, Талас шаардык куткаруу кызматынан автоунаа жана төрт куткаруучу тартылып, суу сордурулган. Материалдык чыгым болбогону кабарланды.

Кыргызгидромет борбору 25-апрелге чейин өлкодө туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG