Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаганы жаткан аял куткарылды


Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири
Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштайын деген аялды куткаруучулар алып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аял терезесинде туруп, боюн таштоого аракет кылып жатканын Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары куткаруучуларга кабарлаган. Окуя болгон жерге алты куткаруучу барып, аялды аман алып калды.

Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.

Милиция буга чейин 23-февралда Ошто 13 жаштагы өспүрүм беш кабаттуу үйдөн секирип, жанын кыйганын кабарлаган.

Ал эми 17-мартта Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ош шаарында былтыр үч адам өз өмүрүнө кол салган.(KS)

XS
SM
MD
LG