Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

Дмитрий Козак Бишкекке келип кеткени маалым болду


Дмитрий Козак.
Дмитрий Козак.

Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак өткөн жумада Кыргызстанга келип кеткени маалым болду. Бул тууралуу "Азаттыктын" бир нече ишенимдүү булагы ырастады.

Козактын бул сапары тууралуу Бишкек да, Москва да расмий маалымат тарата элек. "Азаттык" президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы менен байланышып комментарий ала алган жок.

19-апрелде Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Орусиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда 12-октябрда Кремлдин өкүлү Козак Кыргызстанга ошол учак менен келгенин журналисттер аныкташкан.

5-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулаган.

22-апрелде министр Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG