Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Галкиндин берүүсүн Цискаридзе алып барат


Максим Галкин.
Максим Галкин.

Максим Галкин Украинадагы согушка каршы пикирин билдиргенден кийин Орусиянын "Биринчи каналындагы" "Бүгүн кечинде" программасынын алып баруучусу алмашты.

Анын ордуна бийчи Николай Цискаридзе берүүнү алып бара турганын "Комсомольская правда" гезити жазды. "Биринчи канал" расмий жооп бере элек.

Максим Галкин Украинада согуш башталгандан бери орус бийлигин сындап, кан төгүүнү токтотууга чакырып келет. Ал жубайы - Алла Пугачева менен чогуу Орусиядан чыгып кеткени кабарланган.

Орусиянын Украинага каршы аракеттеринен кийин федералдык эфирде иштеген бир нече журналист иштен кеткени айтылууда. "Биринчи канал" Владимир Познер менен Иван Урганттын берүүлөрүн эфирге чыгарууну токтотту.

"Что? Где? Когда?" түз эфирге чыкпай калды, айрым басылмалар бул долбоордун көптөгөн катышуучулары кетип калганын, айрым командаларда алты адамдардын ордуна 2-3төн гана мүчөсү иштеп жатканын жазышууда.

Ал эми "Россия" каналынын алып баруучусу Александр Гуревичтин "Сто к одному" берүүсүнүн программалары согушка чейин тартылганын социалдык тармакка жазды.

"Ишембидеги кабарлар" программасынын алып баруучусу Сергей Брилев узак мөөнөткө иш сапарга кеткени үчүн, берүүсү обого чыкпай жатканы расмий кабарланган.

Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG