Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Жалал-Абадда дагы бир жетекчи коррупцияга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси коррупцияга шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгы ветеринардык иш-кагаздарын жасалмалап, малды экспорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.

Ал схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш .Н .нын тиешеси бар деп шек саналууда.

УКМКнын басма сөз кызматы шектүү Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн малды сыртка сатууга "Форма-1" үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү тиешелүү чараларды өткөрбөй жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзбөй берип келгени аныкталды деп маалымдады. Ага ылайык, шектүү жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык акчага макулдашып жаткан учурда кармалышкан.

Кармалгандар баары Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG