Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Баткенде чек ара чырында каза болгондор эскерилди


Чек ара чырында каза болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы. 29-апрель. 2022-жыл.
Чек ара чырында каза болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы. 29-апрель. 2022-жыл.

29-апрелде Баткен шаарында өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондор эскерилди.

Иш-чарага облус жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары катышты. Эскерүү каза болгон жарандардын жакындары үчүн курулган Баткен шаарынын четиндеги ”Мадина” шаарчасында уюштурулду.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев былтыр 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу үчүн унутулгус, тарыхый, оор күн болуп калганын белгилеп, жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты.

Иш чаранын соңунда каза болгон 36 жаранга багышталып куран окулду.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG