Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги Ичан-кала зыян тартканын четке какты


 Ичан-кала.
Ичан-кала.

Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги Ичан-каладагы объектилердин зыянга учураганын четке какты.

"ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Хивадагы Ичан-кала объектилеринде акыркы он жылда жаңы бузулуу аныкталган эмес", - деп маалымдады агенттик.

Апрелдин аягында Зоология институтунун директору, биология илимдеринин доктору Бахтияр Холматов Ташкенттеги брифинг учурунда Ичан-кала тарыхый комплексиндеги 33 тарыхый эстеликте чегилген жыгачтарга курт-кумурскалар олуттуу зыян келтирип жатканын айткан.

Агенттик 58 тарыхый-архитектуралык эстеликти зыянкечтерден сактоо боюнча көп жылдан бери илимий-практикалык иш жүрүп жатканын белгиледи.

Он жыл мурун 34 объектини курт-кумурска уялап кеткени аныкталган. Ошондон бери химиялык жана биологиялык ыкмалар менен дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп келери айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG