Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Беларус соту София Сапеганы алты жылга жатак абакка кести


Беларустун оппозициялык блогери Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганын сүрөтүн кармаган адам. Аларды бошотууну талап кылган акциялардын бири.
Беларустун оппозициялык блогери Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганын сүрөтүн кармаган адам. Аларды бошотууну талап кылган акциялардын бири.

Беларустун соту өткөн жылы беларус оппозициялык блогери Роман Протасевич чогуу кармалган анын сүйлөшкөн кызы, орусиялык София Сапеганы алты жылга жалпы режимдеги жатак абакка кести. Ал сот залынан камакка алынды.

Сапегага жети берене боюнча айып тагылган. Анын ичинде социалдык кастыкты, ички иштер кызматкерлерине зомбулукту козутуу, журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасоо бар. Тергөө ал беларус күч кызматкерлери тууралуу маалымат чогулткан сайтты башкарган деп эсептейт.

София Сапега блогер Роман Протасевич менен чогуу 2021-жылдын 23-майында Афиныдан Вилньюска учуп келе жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

Батыш өлкөлөрү Минскинин аракеттерин кескин айыптап, Александр Лукашенконун режимин адамды уурдоо үчүн аба мейкиндигинде “каракчылык жасады” деп күнөөлөшкөн. Оппозициялык NEXTA Телеграм-каналынын негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Протасевичти бошотууга чакырышкан.

Бул ресурс президенттик шайлоодо Лукашенко жеңүүчү болуп жарыялангандан кийин башталган нааразылык акцияларын активдүү чагылдыруу менен алектенген. Быйыл апрелде Беларустун Жогорку соту NEXTA Телеграм-каналын "террордук уюм" деп жарыялаган.

Буга чейин беларус бийлиги бир нече жолу Протасевичтин "күнөөсүн моюнуна алганын" айткан видеолорун жарыялаган. Тасмада ал өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрүн сынга алып чыккан. Байкоочулар жана беларус оппозициясы бул видео тасмаларды бир ооздон "пропагандалык материал" деп мүнөздөшкөн. Кийин ал абактан бошотулуп, ага коюлган айыптар алынган. Учурда ал өзү кайда экени жана эмне менен алек болуп жүргөнү белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG