Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Орусиянын Красноярск аймагында 500дөй турак жай өрттөн жабыркады


Орусиянын Красноярск аймагында тилсиз жоо 500дөй турак жайды, ондогон имараттарды, автоунааларды жок кылды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жергиликтүү бийликке таянып жазды.

Жалпысынан 20дай адам жабыркады. Бир нече адам өлгөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бирок алардын ак саны расмий айтыла элек. Аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Кемеров, Иркустк жана Красноярск облусунда 13 киши өрттөн мерт кеткени кабарланууда.

Тилсиз жоонун тутанышына шамалдан улам электрзымдарында болгон авария себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түшүндүргөндөй, катуу шамалга байланыштуу өрттү өчүрүүгө авиация тартылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG