Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Мамлекеттик органдар документ жүгүртүүнүн электрондук системасына өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 11-майдан тартып Кыргызстанда мамлекеттик органдар ички жана өз ара документ жүгүртүүнүн электрондук системасына өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын текшерип жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчысы быйыл 18-апрелде мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул чара учурдагы кагаз керектөөнү 50% кыскартып, өлкө казынасы жылына 112 миллион сомго жакын каражат үнөмдөй турганы айтылган.

Былтыр декабрда өкмөттүн жыйынына катышкан президент Садыр Жапаров 10 айда 1000 тоннага жакын кагаз сатылып алынганын белгилеп, “1-июлдан тартып сиздерге кагаз сатып алууну токтотобуз, ошондуктан электрондук документтерге өтүү зарыл” деп эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG