Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Президенттин жергиликтүү автобустарды сатып алуу убадасы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү


Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан алгачкы жолу өзү кураштыра баштаган «Белес.kg» ишканасынын автобустарын сатып алуу маселеси бүгүн 11-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Нуржигит Кадырбеков президент Садыр Жапаров бул автобустарды сатып алууга убада бергенин, бирок Бишкек мэриясы аларды алуудан баш тартып жатканын айтты:

“Мамлекет жардам бербесе өндүрүш кантип өсөт? Президентибиз бир өлкөгө барып келгенде өзү айткан “Аларды көрүп суктандым, бардыгы чыгат экен, бизде тиш чукугуч да чыкпайт экен" деп. Кымбат экен деп жатасыңар, кымбат болот да. Сериялык өндүрүшкө чыкканда арзандайт. Варшаванын мэри Solaris автобусун сатып алган, ошондон кийин ишкананын иши жүрүп кетип, он жылда канча деген деңгээлге чыккан. Ушул маселени күн тартибине киргизиңиздер деп талап кылам, президенттин сөзү эки болбосун”.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоору алкагында Бишкекке автобус сатып алуу долбоору 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде талкууланып жатканда мэрия өкүлдөрү бул донордук акчага «Белес.kg» ишканасынын автобустарын азырынча сатып ала алышпай турганын, баасы жана башка шарттары боюнча туура келбей жатканын айтышкан.

Автобус кураштыруучу «Белес.kg» ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айткан.

Автобус кураштыруу менен алектенген алгачкы ишкана Чүй облусунда жайгашкан. SAE (АКШ) автоунаа инженерлери берген тастыктама өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларына байланыштуу буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG