Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Чүйдө тоноого шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бир нече карактап-тоноого шек саналып, үч адам кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунун бир нече тургуну милицияга кайрылып, белгисиз бирөөлөр автоунаада тоногонун билдиришкен.

Бул кылмышка шек саналып, мурда соттолгон, 37 жаштагы Д. Т., 30 жаштагы О. И. жана 36 жаштагы Ж. Д. аттуу адамдар кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, алар "Хонда фит" автоунаасына көчөдө жол тосуп турган адамдарды салып, ээн жерден акча, телефон жана башка нерселерин карактап жүрүшкөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG