Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Таласта акындардын эл аралык айтышы башталды


Таласта эл аралык айтыш башталды. 15-май, 2022-жыл.
Таласта эл аралык айтыш башталды. 15-май, 2022-жыл.

Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрда Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш башталды.

Эки күнгө уланган айтышта 12 акын ат салышууда. Коңшу Казакстандан да акындар келген. Байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Бишкекте өткөн тандоо туруна жалпы 45 акын катышкан.

Айтышты Маданият министрлиги, Талас облустук акимчилиги, Улуттук "Манас" театры жана "Айтыш" коомдук фонду уюштуруп жатат.

Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Анын биринчи ыр жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн.

1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин маданий байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жашында каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG