Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда “Бахрейн” аталышындагы жаңы шаарчанын бир бөлүгү ачылып, муктаж болгон төрт үй-бүлөгө үйдүн ачкычы тапшырылды. Ошондой эле мечит жана тигүү цехи пайдаланууга берилди.
"Бахрейн" социалдык шаарчасын курууга шаар бийлиги 1,25 гектар жер берген. 24 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жайлар, 200 орундуу мектеп, тигүү цехи, ФАП жана мечит бар. Ошондой эле шаарча үчүн атайын таза суу да чыгарылган.
Учурда тигүү цехи менен бир бир нече турак жай, мечит бүткөрүлгөн. Ал эми ФАП жана мектептин курулушу жүрүп жатат.
Аталган шаарча мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар жана муктаж жарандар үчүн курулган. (ТВ)