Бүгүн 17-майда Бишкекте Кыргызстандын жаштары тууралуу жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылат. Фридрих Эберт атындагы эл аралык фонддун жардамы менен уюштурулган изилдөөнүн максаты – калктын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн жаштардын азыркы кездеги коомдогу абалын билүү.
Анда жаштардын билим берүү, саясат, миграция, жумуш орундары менен камсыздоо маселелери боюнча көз караштары жана жалпы баалуулуктары чагылдырылганы айтылды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жаштар калктын жарымынын көбүн түзөт. (RK)