Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

БУУнун миграция форумуна Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда


Кыргызстандын мигранттардын кесиптик кошуунунун түптөөчүсү Гүлнара Дербишова. 16-май. БУУнун башкы штабы
Кыргызстандын мигранттардын кесиптик кошуунунун түптөөчүсү Гүлнара Дербишова. 16-май. БУУнун башкы штабы

Бириккен Улуттар Уюмунун миграцияга байланышкан биринчи эл аралык форумуна Кыргызстандын мигранттарынын профсоюзунун түптөөчүсү Гүлнара Дербишова катышып жатканын аталган мекемеден 17-майда “Азаттык” радиосуна маалымдашты.

БУУнун башкы Штаб-квартирасында 16-майда башталган форумда Гүлнара Дербишова атайын баяндама да жасайт.

Глобалдык аянтча мыйзамдуу жана коопсуз миграцияга байланыштуу бардык маселелерди талкуулоо үчүн уюштурулган. БУУнун Башкы ассамблеясы миграцияга тиешелүү тараптардын өкүлдөрү менен коомчулук өкүлдөрү ортосунда угуу өтөт.

2030-жылга чейин бул тармактын туруктуу өнүгүүсү да каралат.

Миграцияга байланыштуу маселелерди караган бул форум биринчи жолу быйыл өтүп, ар төрт жыл сайын уюштурулат.

Кыргызстанда мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2019-жылы түзүлгөн, 5,5 миң мүчөсү бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Иш берүүчүлөр менен эмгек келишими жок иштеп, айлык акысын албай калган жарандар миңдеп саналат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG