Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуу арызына колдоо билдирди


Жо Байден. Архивдик сүрөт.
Жо Байден. Архивдик сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулууга арыз тапшырганын чечкиндүү түрдө колдой турганын айтып, алардын бул альянска тез арада мүчө болуусуна үмүттөнөрүн билдирди.

«Швеция менен Финляндия ар бириндеги дыкат жана ар тараптуу демократиялык процесстерден кийин маанилүү чечим кабыл алышты. НАТО Европадагы жана Түндүк Америкадагы демократиялык принциптерге, Европадагы жана жалпы дүйнөдөгү тынчтыкка жана гүлдөп өнүгүүгө умтулган миллиард адамдын коопсуздугун кепилдейт», - деди Байден.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макаманын баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. (RK)

XS
SM
MD
LG