Шашылыш билдирүү!
19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот, маал-маалы менен жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир аймактарда жаан-чачын көп жаайт. Айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына кээде 15-20 метрге жетет.
Аба ырайы
20-майда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт , күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус болот.
Facebook шеринеси