Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Байден Швеция жана Финляндиянын лидерлери менен жолукту


Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, АКШнын президенти Жо Байден жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон. Вашингтон, АКШ. 19-май, 2022-жыл.
Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, АКШнын президенти Жо Байден жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон. Вашингтон, АКШ. 19-май, 2022-жыл.

19-майда АКШнын президенти Жо Байден Вашингтондо Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолукту.

Байден эки мамлекетти “улуу демократиялык өлкөлөр жана өнөктөштөр” деп атап, алардын НАТОго кошулуу тууралуу чечимин кубаттай турганын айтты. Америкалык президент алардын арызын кароо Конгресске киргизилерин да да кошумчалады.

Финляндиянын президенти Ниинистё Түркиянын камтамачылыгына байланыштуу сүйлөшүүлөргө ачык экенин, алар Анкаранын коопсуздугу боюнча милдеттемелерди алууга даяр экенин билдирди.

Мунун алдында НАТОнун мүчөлөрүнүн бири Түркия мурда жарыялаган позициясын карманып, Финляндия менен Швециянын аталган уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгону кабарланган. Анкара Хельсинки менен Стокгольм Түркияда террордук уюм деп табылган Күрдистан жумушчулар партиясын колдойт деп күнөөлөп келет.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин баарынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG