Москванын Украинага кол салышына жана ага чейинки аракеттерине байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялардын саны 10 миң 536га жетти. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Телеграм-каналында кабарлады.
Ал келтирген графикада көрүнүп тургандай, 2022-жылдын 24-февралына чейин жалпы 2754 санкция салынса, андан кийин киргизилген санкциялар 7782ни түздү.
Москва каршы кабыл алынган чектөөлөрдүн эң көбү – дээрлик эки миңдейи АКШга таандык. Андан кийин Канада, Швейцария, Улуу Британия жана Евробиримдиктеги өлкөлөр кирет. Мындан сырткары Австралия менен Жапонияда дагы ар бири миңдин тегерегинде чара киргизген.
Володин бул санкциялар дүйнөдөгү энергоресурстарга жана азык-түлүктөргө болгон баалардын кымбатташына алып келип жатканын маалымдады.
Буга чейин санкция салынган өлкөлөрдүн сап башында Иран (4 миңге жакын), Сирия (3 миңге жакын) жана Түндүк Корея (2 миңден ашык) турчу. Орусия аларды басып өттү.
Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы биринчи санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизген. 2016-жылы АКШдагы президенттик өнөктүккө орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү, 2018-жылы Британияда Орусиянын экс-чалгынчысы Сергей Скрипалдын уулануусу да Москвага санкциялардын эки-үч пакетин алып келди.
Германиянын Бундестагына жасалган кибер-чабуулдарга байланыштуу 2020-жылы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу 2021-жылы жаңы санкциялар күчүнө кирди. 2022-жылкы санкциялар топтому орус аскерлеринин украин жергесине бастырып киргени үчүн каралды.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинада кол салуусун айыптап, өздөрү Москва менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдирип келишет. Ошол себептүү алар орус армиясын каржылоого бөгөт коюу үчүн орус экономикасына сокку уруу позициясын карманып, санкция салып жатышат. (ErN)