Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлөргө иштегени кеткен кыргызстандыктардын укугун коргоо маселеси бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттар тобунун жыйынында каралат.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана абийирсиз иш берүүчүлөрдүн мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу” маселеси боюнча эмгек, тышкы жана ички иштер министрликтеринин жетекчилери маалымат беришет.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөлөргө кетет. Алардын арасында алданып, жумуштан да, акчадан да жок, кулчулукка кабылгандары бар экенин укук коргоочулар айтып келет.

Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталганын ИИМ өкүлү Улукбек Балагазыев билдирген.

“Элдик” тобуна бир мандаттуу округдардан шайланган 13 депутат мүчө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG