21-майда Канн эл аралык кинофестивалында орусиялык жана франциялык режиссерлор Лина Цримова жана Дени Гербрандын "Дөң" ("Холм", La Colline) аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Аталган тасма Бишкектин жанында жайгашкан таштанды полигонунда иштеген кишилердин тагдырын жана күнүмдүк турмушун чагылдырат. Тасма альтернативдүү программанын алкагында көрсөтүлгөн.
Тасма көрсөтүлгөн соң режиссерлордун бири Лина Цримова Украинадагы согушка каршы билдирүү жасады.
75-Канн кинофестивалы 17-майда Францияда башталган. Украинадагы согуштан улам Орусиянын расмий делегациясы бул ирет иш-чарага катыштырылган жок.
Калыстар тобун франциялык актер Винсен Линдон жетектейт. Фестиваль пандемиядан улам 2020-жылы өткөрүлгөн эмес, былтыр салттуу календардан июлга жылып калган.
"Алтын пальманын" быйылкы жеңүүчүсү 28-майда белгилүү болот.