Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Автоунаанын айнектерин караңгылатуунун баасы бекитилди


иллюстрациялык сүрөт.
иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн тартибин бекитти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң сом, ал эми чет өлкөлүктөр 120 миң сом төлөшү керек.

Уруксат бир жылга берилет. Эгерде унаа ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөгөн акчасы кайтарылбайт.

Такси менен алектенгендерден башка бардык жеңил унаалардын айнегин караңгылатса болот. Уруксат берүүнү жөнгөрүүнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.

Уруксаты жоктор кармалса, 20-40 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат буга чейин эле бар болчу. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG