Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Парламентте Санарип министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды


Талант Иманов.
Талант Иманов.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинде депутат Нурбек Сыдыгалиев Санарип өнүктүрүү министрлигине "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды башкарууну берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрдү.

18-майда парламент өкмөткө бул маселе боюнча маалымат берүү тууралуу протоколдук тапшырма берген.

Маселе 24-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралмак. Бирок министр Талант Иманов жыйынга келбегенине байланыштуу маселе күн тартибинен алынды.

Депутаттар бул маселени 25-майдагы жалпы жыйында карамай болушту.

Буга чейин Министрлер кабинети "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды башкарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу экенин айткан. Анын айтуусунда "Дастан" заводунун базасында өлкөдөгү ири дата-борбор түзүү, "Альфа Телеком" жана Евразия сактык банкынын калкка финансы-технологиялык кызмат көрсөтүүчү биргелешкен долбоорун ишке ашыруу пландалып жатат.

Бул кабар ачыкка чыккан соң бир катар оппозициячыл саясатчылар долбоор жакында кармалып, үй камагына бошотулган Алексей Ширшов менен байланышта болушу мүмкүн деп сындап чыгышкан. Алар "Дастан" заводун буга чейин башкарган Ширшовдун санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов менен байланышта экенин айтып, мамлекеттик ишканалар коррупциялык схемага айланбайбы деп чочулап жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорду Алексей Ширшовдун схемасы деген сындарга четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын билдирген.

"Азаттык" Бакиевдердин жакын адамы Алексей Ширшов менен санарип өнүктүрүү министри Талант Имановдун байланышы тууралуу иликтөө жарыялап, байланышын далилдей алды. Биздин кабарчылардын колуна тийген документтер Алексей Ширшов 2010-жылы өлкөдөн качып кеткенден кийин Кыргызстандагы үй-мүлкүн, бизнесин Талантбек Иманов аркылуу көзөмөлдөп келгенине далил боло алат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG