Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Зеленский Батышты Орусияга каршы биригүүгө чакырды


Владимир Зеленский Дүйнөлүк экономикалык форумунда видео байланыш аркылуу сүйлөдү.

Украин президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Европа мамлекеттерин Орусия баштаган согушка каршы Украинаны колдоосун улантууга чакырды.

Зеленский бул тууралуу 25-майда Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумундагы сессияда сүйлөп жатып айтты.

Украин лидери ушу кезге чейин берилген каржылык жана аскердик жардамдарга ыраазы экенин белгилеп, Европанын мындан аркы биримдиги согуштук аракеттерди дагы да чектей турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Украина бир дагы аймагын Орусияга бербей турганын айтып, Киевдин позициясын дагы бышыктады.

“Биримдик куралда. Бирок менде суроо бар, иш жүзүндө ошол биримдик барбы? Мен аны көрө албай жатам. Орусиянын алдындагы биздин артыкчылыгыбыз биз биримдикте болгондо гана сезилет”,-деди Зеленский видео байланыш аркылуу.

Ал Кошмо Штаттарына колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, орус мунайына каршы эмбарго киргизүүгө каршы чыгып жаткан Венгрияны “Европанын Москвага каршы басым кылуусуна тоскоол болуп жатат” деп белгиледи.

Украин президенти Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин дагы кайталап, ал үчүн Москва өз аскерлерин 24-февралга чейинки аймакка чыгарып кетиши керектигин айтты.

“Украина өз аймактарын кайтарып алганга чейин согушун уланта берет”,-деди Зеленский.

Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун жалпы жыйынында украин президенти 23-майда да сөз сүйлөгөн. Анда Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранган.

Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Үч айлык согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 6,5 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG