Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Казакстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга катышышы мүмкүн


"Камбар-Ата - 2" ГЭСи.
"Камбар-Ата - 2" ГЭСи.

Казакстан Кыргызстандагы "Камбар-Ата - 1" ГЭСин курууга катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий сайты билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштаган.

22-майда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү баштала турганын билдирген.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлө турганын айткан.

"Камбар-Ата-1 ГЭСи" курулса, кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1ди" коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында маалымдаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG