Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Боомдогу жол маал-маалы менен убактылуу жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 129-чакырымы (Боом капчыгайы) убактылуу жабыларын билдирди. Бул убакыт аралыгында аталган аймактагы темир жолдун боюндагы кооптуу таштар түшүрүлүп, тазалоо иштери жүрөт деп кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, төрт күн бою жол күндүзгү саат 9дан үчкө чейин жабык болот жана Боомдо Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер такай иштейт.

Узун кезектин пайда болушуна жол бербөө үчүн эгер күндүз 30-40тай машине топтолуп калса, таш түшүрүү иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлгөндөн кийин кайра улантылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG