Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Eurovision сынагынын сыйлыгы украин армиясынын муктаждыктары үчүн сатылды


Украинанын “Калуш Оркестра” Eurovision-2022 ыр сынагында.
Украинанын “Калуш Оркестра” Eurovision-2022 ыр сынагында.

Eurovision-2022 ыр сынагында жеңип чыккан Украинанын “Калуш Оркестра” тобу “Зрусталь микрофонун” аукциондо 900 миң долларга сатты.

Аукцион YouTube порталында түз көрсөтүлүп турду. Аны алып баруучу жана коомдук ишмер Сергей Притуланын кайрымдуулук фонду уюштурду. Би-би-Синин орус кызматы кабарлагандай, аукциондун жеңүүчүсү акчаны криптовалюта аркылуу берди.

Сергей Притула мурдараак уюштуруучулар тапкан акча Украинанын армиясы үчүн PD-2 учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алуу үчүн жумшаларын айткан.

Украинанын армиясына акча чогултуу үчүн башка дагы акциялар өтүп жатат. Жекшемби күнү Берлинде өткөн "Save Ukraine - #StopWar" кайрымдуулук акциясына дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде “Калуш Оркестра” тобу да катышты. Андан үч күн мурда Литванын жашоочулары түркиялык “Байрактар” дронун сатып алуу үчүн Украинага 5 миллион евро чогултуп беришкен.

Быйыл Украинанын намысын коргогон “Калуш Оркестра” тобу Eurovision-2022 сынагында "Стефания" деген ыры менен утуп чыкты. Жарыштын финалы 14-майда Италиянын Турин шаарында өттү. Орусия Украинага басып киргендиги үчүн быйыл музыкалык мелдештен четтетилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG