Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум токтотулду


Алана Гаглоевдин инаугурациясы, май, 2022
Алана Гаглоевдин инаугурациясы, май, 2022

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетиянын жаңы президенти Алан Гаглоев аймакты Орусияга бириктирүү боюнча референдумду убактылуу токтотту.

Буга чейин мурдагы президенит Анатолий Бибилов референдумду 17-июнда өткөрүү жарлыгына кол койгон. ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Гаглоев интеграцияга байланышкан маселелер боюнча орус тарап менен консультацияларды жүргүзүүнү талап кылууда. Сүйлөшүү аяктаганга чейин референдум жөнүндө жарлыкты аткаруу токтотулат.

Ушул жылдын апрель айында бул аймакта президенттик шайлоо өтүп, шайлоочулардын 56% добушу менен "Ныхас" партиясынын лидери Алан Гаглоев уткан.

1990-жылга чейин Түштүк Осетия Грузин ССРинин курамындагы автономиялуу облус болуп турган. 1992-жылдан бери башка мамлекеттер тарабынан таанылбаган мамлекет катары келатат.

Москва Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны 2008-жылдын август айындагы орус-грузин согушунан кийин "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. Орусиянын мындай чечимин саналуу мамлекеттер гана колдогон.

Расмий Тбилиси жана Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө көпчүлүк мамлекеттер Түштүк Осетия менен Абхазияны оккупацияланган аймак катары мүнөздөп келет. Москва Түштүк Осетиянын 53 миңден ашуун калкынын дээрлик баарына орус паспортун берген.

Тбилиси эки аймакты тең Грузиянын бөлүгү катары эсептейт. Эки жикчил аймакта тең миңдеген орус аскерлери жайгашкан.

Кремл референдум өткөрүү идеясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Орусия Украинага басып киргенден кийин Грузия Москвага каршы санкцияларды колдогон эмес. 13-майда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Тбилиси Орусия басып алды деп эсептеген аймактарга байланыштуу маселелерди аскерий жол менен чечүүнү пландабай турганын жазды “Эхо Кавказ”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG