Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

ТИМ Орусияда кыргызстандык кыздын зордукталганы жөнүндө маалыматты тактап жатат


Москва шаары.
Москва шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган 16 жаштагы студент кызды өгөй атасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнү жөнүндө кабарды тактоо үчүн тийиштүү органдарга нота жөнөткөнүн кабарлады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө, укук коргоо органдары, шаардын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Бир нече орусиялык медиалар кыргызстандык студент кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү жөнүндө кабар жазып чыгышты.

Ушул тапта Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт. 22-май күнү Москвада кыргызстандык 11 жаштагы кызды бөлөсү сабаган окуя катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG