Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Еревандагы каршылык акциясында жүздөн ашуун киши кармалды


Арменияда өткөн нааразылык акциясы.
Арменияда өткөн нааразылык акциясы.

Дүйшөмбүдө Ереванда өткөн акцияда 100дөн ашуун оппозициялык демонстрант кармалды. Үч полиция кызматкери жараат алып, ооруканага жатты. Бул тууралуу "Интерфакс" Армениянын полициясына шилтеме берип жазды.

Дүйшөмбү күнү эртең менен оппозициялык “Каршылык көрсөтүү кыймылынын” мүчөлөрү Еревандын борборунда өкмөт үйүнүн жанына чогулушту. Жөө жүрүштү жетектеп жаткан оппозициялык депутаттар министрлерге жолугушуу үчүн өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылган. Алар Тоолуу Карабак маселеси боюнча бийликтин саясаты жана буга байланыштуу оппозиция сунуштаган долбоорго министрлер өз позициясын билдириши керек деп эсептешет.

Полиция оппозициялык депутаттарды имаратка киргизбей койгон, андан кийин кагылышуу башталган.

Арменияда премьер-министр Никол Пашинянга каршы акциялар апрель айынан бери өтүп келет. Оппозиция премьерди жана ал жетектеген өкмөттү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдө бир топ чегинүүлөргө барган деп эсептейт. Бул маселеде келишимге кол коюуну көздөп жатат деп айыптоодо.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел Брюсселде үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Чек араны тактоо боюнча бир катар келишимдерге жетишилгени кабарланды.

Армения жана Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 80-жылдардын аягында согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Пашинян 2018-жылы майда Армениядагы массалык митингдерден улам премьер-министр Серж Саркисян кызматтан кеткенден кийин бийликке келген. 2021-жылдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоодо кайра шайланган.

XS
SM
MD
LG