Ирандын Абадан шаарында имарат кулаганда өлгөндөрдүн саны 34 кишиге жетти. 23-майда болгон кырсыктан кийин нааразылык акциялары токтобой келатат. Шейшембиде көчөгө чыккандар "Хаменеиге өлүм” деп ураан чакырышты.
Толук салынып бүтө элек 10 кабаттуу коммерциялык комплекстин бир бөлүгү ураганда 37 киши жарадар болду. Куткаруучулар жеринде ишин улантууда. Ал жакта дагы 25 чакты киши урандылардын алдында калган болушу мүмкүн.
Бийлик кырсыкка курулуштагы паракорлук жана коопсуздук нормаларын бузуу алып келгенин билдирген. Азырынча окуяга байланыштуу 13 кишинин кармалганы маалымдалды.
Нааразылыгын билдирген катардагы тургундар өкмөттүн шалаакылыгы жана кеңири жайылган коррупция ушундай трагедияга жеткиргенин айтышат.
Абадан мунайга бай Хузестан аймагында жайгашкан, ал жерди негизинен араб азчылыгы байырлайт.