Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Ош: ит капкан 17 адам ооруканага кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.

1-июнда Ош шаарында жолбун ит 17 адамды каап, алар ооруканага кайрылды. Бул тууралуу калаанын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборунун кызматкери Дилорам Исламова "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ону жаш балдар болгон. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, эмдөөдөн өтүшкөн.

Шаардыктарды капкан жолбун ит жок кылынган. Жаныбарда кутурманын бар-жогу такталып жатат.

Былтыр 19-сентябрда Ош шаарында 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылган болчу. (AAb\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG