Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Пакистандын бийлиги жергиликтүү талибдер менен ок атышпоо келишимине жетишти


“Техрик-и Талибан Пакистан” уюму менен сүйлөшүүлөрдү чагылдырган плакаттар.
“Техрик-и Талибан Пакистан” уюму менен сүйлөшүүлөрдү чагылдырган плакаттар.

Пакистандын бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин жергиликтүү талибдер менен белгисиз мөөнөткө чейин ок атышпоо келишимине жетишкенин биринчи жолу расмий ырастады.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын жетекчилигинин басма сөз катчысы Мухаммад Али Саиф “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаалга” билдиргендей, ок чыгарбоо режими сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин уланарын тактады. Анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилет.

Пакистандын бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү талибдердин “Техрик-и Талибан Пакистан” уюмунун жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын ортомчулугу менен Кабулда өтүп жатат. Ага Пакистандык талибдердин 50 уруусунун башчылары катышууда.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшүүнү максат кылат.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуулук кылат.

Расмий Исламабад жергиликтүү талибдерге каршы улам-улам операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрүп чыгып турат. “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү кайрадан аймакка кайтып, өкмөттүк күчтөргө күн алыс чабуул жасап турат. Алардын быйыл апрелдеги кол салуусунан эле мамлекеттик армиянын жети аскери курман болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG