Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Newsweek: Владимир Путинге кол салуу аракети болгон


Владимир Путин дарыгердин көзөмөлүндө. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин дарыгердин көзөмөлүндө. Архивдик сүрөт.

Америкалык Newsweek журналы Кошмо Штаттардын жогорку мартабалуу үч аткаминерине таянуу менен быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу аракети болгонун кабарлады. Вашингтон бул маалыматтарды Чалгын кызматы аркылуу алган.

Путинге кол салуу жөнүндө “Украинская правда” басылмасына Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов май айынын башында айтып чыккан. Буданов президентти өлтүрүү аракети “эки ай мурда болгонун” билдирген. Бул убакыт америкалык чалгынчылар айткан мөөнөткө дал келип жатат.

Newsweek журналынын булактары Владимир Путин “рак (өсмө) илдетинин акыркы стадиясы менен жабыркай турганын, ал өлүм алдында турушу мүмкүндүгүн” айтышкан. Жогорку аткаминерлер "ошол себептүү орус президенти өз көлөкөсүнөн да шектенген абалда жүргөнүн" билдиришкен.

Апрелде орусиялык "Проект" басылмасы Путинге акыркы жылдары лор менен хирург тынбай кирип-чыгып жатышканын, ал “улгайган кишилердеги калкан безинин рагы” менен ооруй турганын жазган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмага муну төгүндөп, президент аталган илдет менен оорубай турганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада, Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага басып кирди.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 6,7 миллиондой киши Украинаны таштап чыгып кетишти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG