Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

БУУнун өкүлү Кыргызстанга жөлөкпул чегерүү ыкмасын өзгөртүүнү сунуштады


Оливье Де Шуттер менен "Азаттыктын" кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева маектешүүдө.
Оливье Де Шуттер менен "Азаттыктын" кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева маектешүүдө.

Кыргызстан социалдык жактан муктаждарга мамлекеттен жөлөкпул чегерүү ыкмасын кайра карап чыкканы туура болот. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде 3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер билдирди.

Ал аз камсыз болгондор шаарга караганда айылда көп экенин, бийлик ар бир балага бирдиктүү жөлөкпул төлөө саясатын башташы керектигин, 16 жашка чейинки курактагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн 70% ашыгы мамлекет кепилдеген жөлөкпулдан куру жалак калып жатканын айтууда:

“Себеби аны алуу процессин мамлекет аябай татаал кылып койгон. Алардын үй-мүлкү текшерилип, акча берүүдө бир топ дискриминацияга учурашат. Эптеп жөлөк пулга жетсе, ал арзыбаган суммада. Ага бир айда баланын курсагын тойгузуу мүмкүн эмес. Мамлекет ар бир балага бир айлык муктаждыгына жеткидей суммада акча чегериши зарыл. Ошондо гана жакыр катмарды азыр дүйнөнү каптап келе жаткан тамак-аш тартыштыгынан коргоп калса болот”.

БУУнун атайын баяндамачысы минималдуу муктаждык бир адамга 6 миң сомдун айланасында деп аныкталганын, демек, калктын 70% кедейликте жашап жатканын, расмий статистика чыныгы турмуштан өтө төмөн деңгээлде көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25 проценттин тегерегинде деп аныкталган. Өкмөт жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү системасын жылдан жылга жакшыртып жатканын айтууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG