Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорунун автору, депутат Динара Ашимованын айтымында, сунуштун негизги максаты – кризистик кырдаалга туш болгон аялдарга мамлекеттик колдоону системалык негизде көрсөтүү.
3-июнда мыйзам долбоору Бишкекте бийликтин, коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана адистердин катышуусунда талкууланды. Анда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар, алардын 32% 30 жашка чыга элек кыз-келиндер экени, алар коомдун жана туугандарынын басымында калып жатканы белгиленди.
Талкууну уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жардам берди. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткандарга милиция атайын коргонуу ордерин жазып берет, бирок ал дээрлик жардам бербей турганын укук коргоочулар белгилөөдө. (RK)
Facebook шеринеси