Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Бириккен демократиялык кыймыл Казакпаевдин өлүмү боюнча президентке кайрылды


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча президентке кайрылды. Билдирүүдө Улуттук коопсуздук комитети Казакпаевдин тергөөсүн атайын создуктурганы, камакта мөөнөтүнөн ашык кармалышы анын өлүмүнө себеп болгону айтылат.

Бирикме Садыр Жапаровдон УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылышкан. Ошондой эле кылмыш ишинин козголушу, тергөө жана "Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактылары" кылдат каралышы керектигин эскерткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комментарий берип, Казакпаев ушул жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин Улуттук госпиталда дарыланып чыкканын жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып турганын билдирген.

“25-майда Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өткөн, 9-майдан 9-июнга чейин Казакпаевдин адвокаттары аны ооруканага которуу тууралуу кайрылган эмес. Казакпаев сот процесстерине катышып турган”, - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Марат Казакпаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушул жылдын 9-мартынан баштап карала баштаганы белгилүү болду.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын билдирген.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган саясат талдоочу 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ал 10-июнда өзүнө келбей каза болду. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG