Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 13-июнга караган түнү кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 29...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 18...20, күндүз 27...29° болот, өткүн өтөт.
Facebook шеринеси