Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Жалал-Абадда Июнь окуясынын 12 жылдыгы эскерилди


Жалал-Абад облусундагы Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы. 13-июнь, 2022-жыл.
Жалал-Абад облусундагы Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы. 13-июнь, 2022-жыл.

13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусундагы калабага арналып курулган мемориалдык комплексте Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы өттү.

Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Анда сөз сүйлөгөн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улут аралык ынтымак маанилүү экенин айтты.

Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кишиге кылмыш иши козголуп, иштин 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG