Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (солдо) жана Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов (оңдо).

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, 16-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммит алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу соода-сатык мамилелери, жүк транзити боюнча маселелер талкууланды.

Андан тышкары кызматташуу багыттары, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында жана казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү.

"Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол постторунун аймагындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны күчөтүлгөн режимде иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 26-майында Токаевдин Бишкектеги экинчи расмий сапарында кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүнү жеңилдетүү макулдашылган. Бирок чек арада жүк ташуучу автоунаалардын кезеги азайбай жатканы айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG