Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

​​​​​​​Он күндө эки өлүм: комиссия Ташиевди укту


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссиянын алгачкы жыйыны жабык өттү. Ага атайын кызматтын төрагасы катышып, маалымат берди. Эми комиссия 22-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына барат.

Комиссияга маркумдардын жакындары дагы мүчө болгон. Алгачкы отурумда ал туугандарынын жүйөсү айтылып, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Казакпаевдин аялы Анар Казакпаева күйөөсүнүн өлүмүнө жалпы мамлекеттик системаны күнөөлөдү.

“Бакыт Асанбаевдин үй-бүлөсүнө аябай кыйын кырдаал жаралды. Менин абалым дагы жеңил эмес. Абдан оор жүк асылып турат. Мен “эгерде чыккынчылык болсо, мамлекет кандай зыян тартты?” деген собол узаттым. Жооп алган жокмун. Кандай болорун дагы көрөбүз. Аябай кыйын кырдаал... 1937-жыл болуп калдыбы? Мен өлүмгө мамлекет жоопкер деп эсептейм”, - деди Казакпаева.

"Мен жоопкерчиликтүү кызматтамын, иштен убактылуу четтегенге болбойт"

Тергөө абагынан ооруканага түшүп каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен тергөө абагында асынган абалда сөөгү табылган “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмү УКМКнын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге сын пикирди күчөттү.

Жыйындан чыккандан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, коомчулукта анын дарегине айтылган сындарга президент тарабынан түзүлгөн комиссиянын жана Аскер прокуратурасынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен жооп берерин билдирди. Ошондой эле ал кызматтан убактылуу четтебей турганын айтты:

Камчыбек Ташиев: Мен жоопкерчиликтүү кызматта турам, кызматтан убактылуу четтегенге болбойт.

- Буга чейин дагы тергөө абагында кишилер каза тапканы боюнча маалыматтар айтылып жатпайбы.

Камчыбек Ташиев: Ооба, дайыма мындай нерсе болуп турат, болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

- Өзүңүз моралдык жоопкерчиликти сезип жатасызбы?

Камчыбек Ташиев: Моралдык жоопкерчиликти ар бир адам үчүн сезем. Ал киши үчүн эле эмес, бардык кишилер үчүн сезгенге милдеттүүмүн.

- Комиссияда сизге кандай суроолор болду?

Камчыбек Ташиев: Комиссия бизге мүмкүнчүлүк түзүп бергиле деген өтүнүч келтирди. Мен бардык мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз деп айттым. Камералардын ичине чейин көрсөтөбүз. Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүктү, шарт түзүп беребиз.

Камчыбек Ташиев: Кызматтан кетпейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

"Видео байкоолорго уруксат алдык"

Президент Садыр Жапаров 18-июнда кечке жуук Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип, иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектөөдө. Анын курамында маркумдун жакындарынан сырткары, парламент депутаты Марлен Маматалиев, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилова кирген.

Төлөкан Исмаилова эки адамдын өлүмүнө себеп болгон окуялар дагы кайталанбашы үчүн сунуштар иштелип чыгышы керек дейт.

“Эч ким жабык жайларда өлбөшү керек. Жабык жайларда жаран эркиндигинен гана ажыратылат. Башка укуктарынан ажырабайт. Бирок кыргызча “адамдар өлө берет” деген болбойт. Ташиевге мыйзам иштеши керек экенин айттык”.

Ал эми парламент депутаты Марлен Маматалиев комиссиянын негизги максатына токтолду.

“Өз жанын кыйдыбы же бирөө кылдырдыбы деген маселе турат. Ошонун алкагында видео байкоолорго уруксат алдык. Ал жерде чогуу жаткандардан суроого, документтерди кароого уруксат берилди. Эртең жеринен барып таанышабыз”.

Жабык жайлардагы өлүмгө жеткирген жагдайларды Акыйкатчы институтунда жумушчу топ анализдеп жатат. Омбудсмен Атыр Абдрахматова атайын кызматтын тергөө абагында буга чейин канча адам көз жумганын ачыкка чыгаруу керек деди.

“Бөгөт чарасы кайсы адамдарга кандай колдонулганын анализ жасап, мыйзамдардагы катачылыкты табалы деп жатабыз. Мындан ары адам өлбөшү керек. Ошондуктан 1-октябрга чейин иштейбиз. Азыр УКМКда буга чейин дагы адамдар каза болгону белгилүү болду. Аларды ачыкташыбыз керек”.

Коллаж. Марат Казакбаев, Бакыт Асанбаев.
Коллаж. Марат Казакбаев, Бакыт Асанбаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев комиссия жыйынтыгын күтүп отурбай, факты боюнча кылмыш ишин козгоо керектигин айтып чыкты.

18-июндун түнүндө өз жанын кыйды делген Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы дароо текшере баштаган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы​ Сирожиддин Камолиддиновдун айтуусунда, бул текшерүү он күндөн бир айга чейин созулушу мүмкүн.

“Текшерүү жүрүп жатат. Экпертиза аныкталды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Мыйзамга ылайык, катталган күндөн тартып он күнгө чейин текшерүү жүрөт. Тийиштүү экспертизалар, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек болсо, мөөнөт 20 күнгө чейин узартылышы мүмкүн”.

Маркум Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин жакындары алар өз ажалы менен өлдү дегенге ишенбей турганын айтышууда.

Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Камчыбек Ташиев өткөн аптада саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу “Новые лица” гезитине маек берип жатып, ал жетектеген комитеттин тергөө абагы эң коопсуз жай экенин айткан.

“Казакпаевге кандайдыр бир кыйноо колдонулган деген – бул калп. Мындай эч качан болгон эмес жана болбойт. Сот жогорку кызматтагы адамдарды камакка алуу чечимин чыгарганда дагы бардык бизнесмендер, мурдагы чиновниктер биздин УКМКнын тергөө абагында болууну суранышат. Анткени бул жерде эч ким, эч качан кысымга алынбайт. Тергөө абагынын сыртында жана ичинде, коридорлордо видеокамералар орнотулуп, ким кирип-чыгып жатканы катталып, бардык сүйлөшүүлөр толук жазылып турат”, - деген Ташиев.

Казакпаевдин өлүмүнөн кийин Камчыбек Ташиевди кызматтан убактылуу четтетип, көз карандысыз комиссия түзүнү талап кылган саясатчы Равшан Жээнбеков экинчи өлүмдөн кийин жетекчилердин жоопкерчилиги токтоосуз каралыш керек деп эсептейт.

“УКМКнын башына Ташиев келгени президенттин жакын досу катары мамлекеттин бардык тармагына УКМКнын ролу күчөп кетти. Анын таасиринин пайдасынан зыяны көп болуп жатат. УКМКнын түрмөсүнөн эки адамдын өлүшү аябай оор көрсөткүч. Башка жакта болгондо мекеменин жетекчилери кызматтан кетип, жоопкерчиликке тартылмак. УКМК криминалдык топторду жок кылабыз деген. Тескерисинче, бардыгы акталып, болгон жакта жойлоп жүрүшөт. Коррупция менен күрөштү бетине кармап жатты эле, эл аралык көрсөткүчтө төмөн түшүп кетти. Ошондуктан УКМКны реформалоого убакыт келди. Эгер реформалабаса чоң трагедияга алып келиши мүмкүн”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмүн саясатташтырбоого чакырган.

“Новые лица” гезитине курган маегинде бир катар саясатчылар Казакпаевдин өлүмүн өз максатында колдонуп жатканын айткан.

"Прокуратура иликтеш керек эле"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент түзгөн комиссия тууралуу мындай оюн бөлүштү:

“Жооптуу кызматтардын баарына досторун коюп алса, алардан эчтеке сурай албаса, ортодо саясий мамиледен сырткары болгон былыктарын билген жакындык болуп жатса, каяктагы комиссия? Президент өзү түзгөн системанын туткуну болуп калды. Мындай кырдаалда прокуратура иликтеш керек эле. Кылмыш ишин козгоп, жоопкерчилик жөнүндө маселе коюш керек болчу. Анте албайт. Анткени бардыгы достор. Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссияны көрбөдүкпү? Комиссияга кимдер кирди, кандай укугу бары белгисиз болуп жатпайбы”.

Клара Сооронкулова комиссиянын жыйынтыгы менен тергөө абагын кайтарган катардагы кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн экенин айтат.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүп, Кыргызстан президенттик башкаруу формасына кайткан. Президент конституциялык реформанын максаты бийлик жоопкерчилигин бекемдөө менен түшүндүргөн.

Мамлекет башчынын кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев президент комиссия түзүү аркылуу жоопкерчиликти өзүнө алып, иштин чын-төгүнүн билип жатканын айтат.

“Конституциянын гаранты болгондон кийин ким күнөөлүү, ким ак карап көрөйүн деп комиссияны президент өзү үчүн түзүп жатат. Бизге эчтеке жакпайт, түзсөң да, түзбөсөң да жакпайсың. Башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтете албайт деп кайсы жеринде турат? Баш мыйзамда дос деген нерсе жок. Бут бардыгынын жоопкерчилиги жазылган. Өткөндө түрмөлөрдө 150 адам каза болуп, анын 19у жанын кыйыптыр деген маалымат чыкты. Бул чоң трагедия, бир эле кишини карабаш керек. Мен каза болгон эки баланы тең билчү элем. Ооба, бул ызы-чуулуу нерсе. Бирок ким күнөөлүү, мунун жыйынтыгы чыгат”.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы акыркы жылдары тергөө абагында жатып каза болгондор жөнүндө маалымат берген жок.

56 жаштагы саясат таануучу, профессор Марат Казакпаев 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан ооруканага оор абалда которулган. Эсине келбей жатып 10-июнда көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. УКМКнын маалыматында ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG