Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:07

Мирзиёев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуш кылды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мирзиёев бул сунушун 20-июнда Баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча сунуштарды кабыл алуучу комиссиянын жыйынында айтты.

"Азыркы кооптуу мезгил жана биздин айланабыздагы татаал абал мекенибиздин тагдырына дагы жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана артка калтырылгыс стратегиялык чечимдерди кабыл алууну талап кылып жатат", - деп билдирди өзбек президенти.

Бирок Мирзиёев Өзбекстанда негизги документти өзгөртүүгө кандай "кооптуу" жана "татаал абал" негиз берип жатканын так айткан жок. Ал адеп декабрь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөндөн бери 48,5 миң сунуш келип түшкөнүн белгилеп, "конституциялык реформа" референдум аркылуу жүргүзүлүшү керек экенин кошумчалады.

Буга чейин Өзбекстандын парламентинин жогорку палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев Kun.uz жаңылык порталы менен маегинде жаңы өзгөртүүлөр Мирзиёевге үчүнчү мөөнөткө президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берерин айткан.

64 жаштагы Мирзиёев экинчи президенттик мөөнөтүнө былтыр октябрь айында шайланган. Азыркы Баш мыйзамга ылайык, Өзбекстанда бир жаран эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

XS
SM
MD
LG